Белгилүү орусиялык театр жана кино актрисасы Нина Ургант каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Эл артисти Нина Ургант 93 жашында Санкт-Петербургдагы үйүндө жан берген.
Нина Ургант 1929-жылы 4-сентябрда Ленинград облусундагы Луга шаарында төрөлгөн. 1954-жылдан тарта Ленинград театрында иштеп баштаган. Кинодогу биринчи чоң ролду 1964-жылы Игорь Таланкиндин "Киришүү" деген тасмасында алган.
Ал "Беларустук автобекет", "Сыйкырдуу күч", "Мен балалыктан келгем", "Келишимдүү мырза", "Уулдар майданга кетет", "Сыйлык", "Жолборстордун үйрөтүүчүсү" деген тасмаларга тартылган. Акыркы жолу 2008-жылы "Азиат" аттуу тасмага тартылган. Ошондон бери тасма талаасына чыккан эмес.
Нина Ургант актёр Андрей Урганттын апасы жана телеалпаруучу Иван Урганттын чоң энеси болчу.