Кечээ, 3-декабрда Москванын борборундагы Машков көчөсүндө кыргыз-өзбек мушташы орун алып, 11 эмгек мигранты полиция кызматы тарабынан кармагалганы айтылган.
11 мигранттын жетөө Кыргыз жараны болсо, төртөө Өзбек жараны. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мушташ учурунда үч адам жабыркаган. Майда бейбаштык үчүн кармалгандарга протокол түзүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Мушташка кыргыз жумушчулары үйдүн короосунда карды тазалап жатканда Өзбек жарандары ошол учурда үйдүн чатырынан карды тазалап, аны төмөн ыргытканы себеп болгон. Мындан улам эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган.