Эртең, 16-ноябрда Жалал-Абад шаарында “Биздин шаар – таза шаар!” аттуу бир күндүк акция өтөт.
Шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, акция учурунда күзгү жалбырактар, таштандылар тазаланып, шаар иретке келтирилет.
Иш-чарага шаар аймагында жайгашкан бардык мекеме, ишканалар, коомдук жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат.