Казакстандык Аяжан Едилованын чуулгандуу өлүмү: Шектүү жабырлануучунун зордукталганын четке кагууда

19 жаштагы Аяжан Едилованын өлүмүнө шектелген адам зордуктоо боюнча күнөөсүн моюнга албай жатканы маалым болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда Алматыда чуулгандуу иш боюнча экинчи сот отуруму өттү. Соттун жүрүшүндө беш күбө суралган. Алардын айрымдары кармалган адам студентти кордогондугун көрсөткөн. Муну эксперттердин корутундулары да тастыктайт. Азыр өлтүрүлгөн тараптын өкүлдөрү бул фактыны далилдегенге аракет кылышууда, бирок айыпталуучу адам өлтүргөндүгүн гана моюнга алган.

"Ал "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөсүн моюнуна алууда. "Зордуктоо" беренеси боюнча күнөөсүн моюнуна албай жатат", - деди жабырлануучу тараптын өкүлү.

Эске салсак, ушул жылдын 20-мартында Аяжан Едилова мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Полиция кызматкерлери кызды батирлердин биринен денеси бөлүк болуп жаткан абалында табышкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан