Москвада кыргыз таксистке ок чыгарган жаран 2 айга камакка алынды

Москвада кыргыз таксистке ок чыгарган Cadillac үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы шектүү жаранга "курал колдонуу менен жасалган бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылып, 3-февралга чейин камакка алынган.

Эске салсак, кечээ, 3-декабрда Москвадагы көчөлөрдүн биринде эки адамдын ортосундагы пикир келишпестиктен улам бири-экинчисине травматикалык тапанчадан ок чыгарып, натыйжада 34 жаштагы Кыргыз жараны жаракат алган. Окуянын катышуучулары Дмитрий Махалов жана Алманбет Абдрахманов аттуу такси кызматында иштеген Кыргыз жараны болгон. Алманбет Абдрахманов алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Samash-87
2021-12-04 22:06:05
Кандагы бейбаштык статьяны покушение на убийство деп озгортуш керек, кучтуу юрист жалдаш керек
+4
abusait
2021-12-05 00:15:13
Озу рецидевист зек тюремшик экен аткан орус . Мындайларга тен келбей эле сеники туура деп качыш керек.
0
KaGaH
2021-12-05 08:16:15
Чынын айтканда Москвада таксистер абдан начар айдашат жолдо,кысып,подрезать этип,эгер Бишкекте индус таксист,же бир башка улут ушинтсе биз деле мындан хуже калмакпыз, любой жерде биз өзүбүздү алардын ордуна коюп көрүшүбүз керек,бирок атканы ашыкча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан