Москвада адам жүзүн таануучу акылдуу система Кыргыз жараны менен Өзбек жаранын алмаштырып алды. Бул тууралуу орусиялык телеграм каналдардын биринде жарыяланды.
Маалыматка ылайык, акылдуу система бир канча күн мурун Москвадагы көчөлөрдүн биринде жасалма документ жасагандыгы үчүн издөөгө алынган 34 жаштагы Данияр Артыков (оң жактагы) аттуу Кыргыз жаранын таанып, коңгуроо каккан. Андан соң полиция кызматкерлери кылмышкерди кармоо үчүн система көрсөткөн дарекке жөнөп кетишкен.
Бирок белгиленген жердеги адам таптакыр башка болуп чыккан. Тагыраагы, 21 жаштагы Маруфжон Абдувалиев (сол жактагы) аттуу Өзбек жараны болгон. Ал эч кандай мыйзам бузбаганын жана Данияр Артыков аттуу жаранды тааныбай турганын билдирген.
"Полиция өзбек жигиттин аты-жөнүн тактады. Ал Москвада көчө шыпыргыч болуп иштейт. Абдувалиев чындап эле издөөдөгү жаранга окшош болгон. Полиция кызматкерлери андан кечирим сурап, андан соң шектүүнү издөөгө киришти", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле акылдуу система шаарда көптөн бери ийгиликтүү иш алып барып келгенин кошумчалашты.