Бишкекте 15-ноябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин депутаттык делегациясы менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин биргелешкен жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси каралды.
Экономика министри Темир Сариев өз докладында тобокелчиликтер жана пайдалар тууралуу айтты. “Кыргызстандагы өнөр жайдын продукцияларынын 48 пайызы Орусияга, 52 пайызы Казакстанга жөнөтүлөт. Казакстанга мындан сырткары сүт азыктары, электр энергиясы экспорттолот. Биз артыкчылыктарды да, кемчиликтерди да эсептеп, Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдү колдоо үчүн фонд түзүүнү айтып жатабыз”,- деди Сариев.
Орусиянын Мамдумасынын депутаты Татьяна Москалькова Кыргызстан энергетикалык ресурстарды Орусиянын ички баасы менен аларын жана экспорттоодо бажы салыгын төлөбөшүн айтты. “Капитал, эмгек ресурстары, кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жүрүшү камсыздалат. Туризм, камсыздандыруу маселелери, медициналык жардамдар көрсөтүлүп, экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- деди ал.