Түркиянын Сиирт шаарында президент Режеп Тайип Эрдогандын митинги өтүп жаткан жерде атайын орнотулган жардыргыч зат табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, митингде коопсуздукту камсыздаган полиция кызматкерлеринин биринин унаасынын алдына алыстан башкарылуучу жардыргыч зат орнотулган. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жардыргыч затты убагында аныктап, жок кылууга жетишкен.
Учурда полиция кызматы окуянын чоо-жайын иликтеп, өлкө башчынын өмүрүнө кол салууга ниеттенгендерди издеп жатканы маалымдалды.
Белгилей кетсек, Сиирт Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан шаар. Президент Эрдоган бул шаарга өзүнүн тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөө үчүн келген.