Түркияда Режеп Тайип Эрдогандын отставкасын талап кылган митинг өттү

Түркиянын түштүгүндөгү Мерсин шаарында миңдеген адамдардын катышуусунда президент Режеп Тайип Эрдогандын отставкасын талап кылган митинг болуп өттү. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, митингчилердин мындай талабы өлкөнүн улуттук валютасы болгон түрк лирасынын (ТL) курсунун кескин төмөндөп кетиши жана өлкөдөгү кымбатчылык менен байланышкан.

Ал ортодо Түркиядагы бийликке негизги оппозициялык партиянын лидери Кемаль Кылычдароглу "Биз бардык жарандардын жеңиши үчүн шайлоого аттанабыз жана шайлоо урналарынын жанында азыркы диктатураны кулатабыз. Мен силерге сөз берем", - деген билдирүү таратып, жарандарды азыркы бийликке каршы биригүүгө чакырганы маалымдалды.

Ал эми өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Сиирт шаарында өлкө башчы Эрдогандын тарапташтары чогулганы кабарланды. Президент ал жерге барып сүйлөгөн сөзүндө элди улуттук экономикага болгон ишенимди жоготпоого чакырып, өлкөдөгү абалды турукташтырууга убада берген. Ошондой эле мамлекетте өкүм сүрүп жаткан кымбатчылык дүйнөлүк базардагы чийки заттын кымбаттоосунан улам болуп жатканын белгилеген.

Белгилей кетсек, быйыл түрк лирасы долларга карата акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй арзандап кеткен. Мындан улам оппозициялык партиялар жагдайга президентти айыптап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү керектигин айтып чыгышкан. Эрдоган алардын мындай талабын четке кагып, президенттик шайлоо 2023-жылы өз убагында гана болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
EddieNigma
2021-12-05 17:53:51
Помидорган бийликтен шерменде менен кетет окшойт. Орто Азиядагы "Великий Туран-Вилаят-Халифаттын" колдоочулары буга эмне дейсиңер? Эрдоган эриңер улуу Туркияны кризистин түбүнө матырдыго, же мен жалган айтып жатамбы? "Запад" күнөөлүү деп койгула, андан башка оправданияңар жокко!
-14
talas0707
2021-12-05 19:01:36
EddieNigma,европаны туу туткандар туран эмне башка эмне тушунбойт. Кыргызстандын деле келечеги баари бир чынында. Туурабы?
+4
EddieNigma
2021-12-05 19:22:38
talas0707,Европаны туу туткан кыргыздар, Кыргызстандын душманы болуп калыштыбы? Түркияны туу туткандар болсо, Кыргызстандын патриоттору а? А Араб жана Чыгыш өлкөлөрүн туу туткандар кимдер?
-3
nurgaz
2021-12-05 18:33:04
Эрдоган эркек мусулмандардын лидери. Туран алга
+11
nazira...
2021-12-05 18:38:49
Ой тооба, дагы кандай президент керек экен аларга.
+6
emirchik
2021-12-05 18:47:53
Эрдоган барда БПЛ Байрактардан кобурок алып алышыбыз керек
+12
Bishkek-Kg
2021-12-05 19:01:26
Эрдоган өтө керек президент.
+5
modem4999
2021-12-05 19:18:56
Жаман коп го киши
0
Antiradikal10
2021-12-05 19:58:03
Эрдоган кучтуу лидер. Оз олкосунун кызыкчылыгын тышкы саясатта коргоп келет. Бирок олконун ички саясатында койгой коп болсо, элдин президентке ишеними жоголот. Кымбачылык менен улуттук валютанын кунунун тушушу турктордун жашоо-шартынын оорлошуна алып келди. Аны тушунбой жатасынар...

Бизде да кымбатчылык улана берсе, Жапаров да кочукко тебилет.
+7
Mirbek02
2021-12-05 20:09:54
Эрдоган кетсе бизге келип президент болсун биз да онуголу
+4
Aimani
2021-12-05 20:55:01
Mirbek02, Өз агасын агалай албаган бирөөнүн улагасын сагаалайт.Негизи угушумча түрк эли Эрдоганды жаман көрөт.
+2
EddieNigma
2021-12-05 21:15:39
Aimani,Эрдоганды кудай туткандарга аны түшүндүрүш кыйын.
0
make2
2021-12-05 22:22:45
Түрктөр жаман көрбөйт, күрддөр жаман көрөт, биз билбеген менен ал жакта да ич ара, күрддор өзүнчө мамлекет болобуз деп бөлүнүп турат, курддөрдү Эрдоган бекем кармайт калкынын отуз миллиондон ашыгы күрддор,
+5
bond02
2021-12-05 23:48:07
Кетсин да чал.
-6
Kg-04
2021-12-06 05:22:06
Туркиянын экономикасын жакшы ондоп келе жатты эле айныды бул дагы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан