Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн эл аралык атын Turkey деген аталыштан Türkiye деген атка өзгөрткөн жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жарлыктын текстинде өлкөнүн атын өзгөртүү чечими бийик маданиятты чагылдыраары жана түрк өндүрүүчүлөрүнүн сапаттуу продукциясынын ишенимдүү жеткирүүчүсү катары ак ниеттүүлүгүн ырастоо үчүн жасалганы белгиленген.
Ошондой эле өлкөнүн бардык расмий документтеринде, анын ичинде чет мамлекеттер жана уюмдар менен болгон кат алышууларда Turkey, Turkei, Turquie деген аттардын ордуна Türkiye деген жалгыз термин колдонулат.