Кыргызстанда 10 айда ВИЧ алып жүргөн 34 аял төрөдү
2013-жылдын 1-январынан 1-ноябрына чейин республика боюнча ВИЧ
инфекциясын алып жүргөн 63 кош бойлуу аял каттоого алынып, алардын 34тү төрөдү. Бул тууралуу 15-ноябрда Super.kg порталына Республикалык СПИД борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди.
Төрөлгөн 34 ымыркайдын ичинен
24ү ВИЧ инфекциясы менен төрөлдү. Калган 13 ымыркай ата-энелери каршы болгондугуна байланыштуу текшерилген эмес.