Нурсултан Назарбаев: "Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргыз өлкөсү жылдарга артка кеткен"

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев "Эгемендүүлүк сабактары" аттуу макаласын жазды. Макала Назарбаевдин расмий сайтына жарыяланды.

Нурсултан Назарбаев жазган макаласында эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары тууралуу дагы жазган. Анда ал Кыргыз өлкөсү тууралуу дагы жазып, өлкө эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында бир канча жылдарга артка кеткенин белгилеген.

"Эгемендүүлүктүн биринчи күнүнөн тартып биз узак мөөнөттүү туруктуулукту, жарандык тынчтыкты, улуттар аралык ынтымакты жана эл аралык диалог саясатын жүргүзүп, өлкөбүздүн туруктуу өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыз кылдык. Анткени өз ара урмат-сый жана достук биздин менчигибиз болгон жана болуп кала берет, аны биз ар дайым барктоого тийишпиз.

Тилекке каршы, биз эгемендик жолуна түшкөндөй эле бир катар мурдагы союздук республикаларда терс процесстер боло баштады. Грузияда, Азербайжанда, Арменияда согуштун очоктору тутанды. Приднестровье Молдовадан бөлүнүп кетти. Тажикстан жарандык согуштун туңгуюгуна сүйрөлдү. Ошол жылдары эң жакын кошунабыз, боордош Кыргыз өлкөсүндө башталган бир катар окуялар бул өлкөнүн тынчтыгын бузуп эле тим болбостон, экономикасын солгундатып, андан аркы өнүгүүнү жылдарга артка тартты. Украинанын түштүк-чыгышындагы азыркы жаңжалдын тамыры ошол эле 90-жылдардагы баш аламандыкка байланыштуу", - деп жазган Нурсултан Назарбаев.

Мындан тышкары ал өз макаласында эгемендүүлүк жылдарында Казакстан бүткүл дүйнө урматтаган өлкөгө айланганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Artur99
2021-12-06 13:58:34
Иий ары жок десе, чал! Казахстан внешней долг 166 700 млрд, 35 чи орунда турат карызы боюнча.
А Кыргызстан в отличии от Казахстана 5 млрд га жакын карызы. Эмнеге мойнундагы карыз жонундо жазбайсын? Эгемендуулукту алгандан бери казахстан 166700 млрд дол карызга жетиштик жеп мактанбайсынбы?
-1
IOA
2021-12-06 14:56:13
Туура эле айтыптыр кемчиликти моюндоо керек
+9
Chagylgan7
2021-12-06 14:56:44
АША убагында чал деп туура Эле айткан ушул Назарбаевди .Атамбаев толтура факт келтирген ушул Назарбаевге канча мисал келтиресин КР мн КЗ салыштырып деп .АША жок дагы тантыган адаты кармаган го
-3
Rusbayastan
2021-12-06 16:56:34
Картайганда жон эле карылыктын омурун сурсо жакшы болмок.
-1
nazira...
2021-12-06 17:57:49
Боптур Казакстан алдыга чыгып кетиптир ушуга чейин, эми карап турасынар артка кетет, уже кете баштады. Ошондо китебин не деп жазат экен шал. Өзүн Сталинден кийинки сезип алыптыр го.
-4
Usmanbekali
2021-12-06 19:21:42
Назарбаев туура айтат,эл ошондо ачка отуруп калган, өз жанын өлбөстүн күнүн көрүп жашап калганбыз,Карыс жаганан алганда Казактар төлөп кутулуп кетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар,Бир эле Алматынын бюджетти Кыргызстандын бюджетинен көп...Чычалабай эле коюш керек, Негизинен туура айткан...
+7
Antiradikal10
2021-12-07 00:25:17
Чын чычалатат деген туура да. Союз кулаганда жеке менчикке отобуз, приватташтырабыз баарын деп эн биринчилерден болуп колхоз, совхоздорду жоюп, Союздан калган мал-койду болуп таркатып жок кылып, завод-фабрикаларды талкалап, станокторду, согуштук техникаларды, вертолеттордон бери темирге откоруп Кытайга жоноткон биз болобуз. Акаевдин "акылман" саясатынын арты менен. Мал сарайлардан бери бузуп талкалап жок кылганбыз. Же калппы? Туштон кийин жумуш жок тентип журобуз.
+2
Antiradikal10
2021-12-07 00:28:54
Же 30 жылда Окмот озу бир завод же фабрика курууга жараган жок. Комвол нооту, текстил фабрикаларын талкалап алып, кийин чакан цехтерге ишибиз тушту.

Башка Союздук олколор, анын ичинде Казахстан менен Озбекистан завод-фабрикаларын, мал сарайларын ж.б. сактап калды. Экономикасын/эл чарбасын бизчилеп булунткон жок. Мына бугун ошол завод-фабрикаларды модернизациялап иштетип жатат. Олкосундо жумуш бар, айлык-маянасы, элдин жашоо шарты бизден алда канча дурус.
+2
Antiradikal10
2021-12-07 00:32:31
Казактар бизчилеп тентип мигрант болуп кор болуп жургон жок. Чолдун ортосуна зангыраиып шаар салып борборун кочуруп алышты. А биз эптеп жол салып алууга чама-чаркыбыз жетпейт. Казакстандагы миндеген километр жакшы жолун коруп, биздин бир канча жуз километр жолду Окмот эмнеге эптей албайт деп зээнибиз кейийт. Биздин Окмот шаар эмес, бир ТЭЦти озу эптеп ремонт кыла албагандан кийин. Назарбаев менен Каримовдой башчы болср Кыргызстан онугуп кетмек...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан