Белгилүү тамада, шоумен жана журналист Бакыт Букаевдин сөөгү бүгүн, 15-ноябрда туулуп өскөн айылында жерге берилди. Букаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакын санаалаштары, жакындары катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары маалымдашты.
44 жаштагы Бакыт Букаев Ысык-Көл облусунун Темир айылында туулуп өскөн. Анын артында энеси, бир туугандары, жубайы жана эки баласы калды.