
Алматыда аял 12-кабаттан секирип кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, окуя тууралуу маалыматты Алматы полициясы тастыктады. Аталган факты Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" боюнча Ауэзов райондук ички иштер башкармалыгына катталды.
Негизги тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда жагдайлар жана себептер такталууда деп жазылат маалыматта.