Бишкекте бүгүн, 15-ноябрда Орусия Федерациясынын Мамдумасынын депутаттары менен
жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев эки мамлекеттин
ортосундагы көп жылдык кызматташтыкты белгилеп, Орусияда жүргөн кыргызстандыктарга шарт түзүү
керектигин айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Орусия
Мамдумасынын депутаты Леонид Слуцкий баш болгон расмий делегация тарабынан бул
маселе парламенттер жана мамлекеттер аралык деңгээлде чечилерин айтышты. Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы миграция, маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке
ашыруу жана кызматташтык маселелери талкууланды.