Асылбек Жээнбеков Орусиянын Мамдумасынын комитет төрагасы Леонид Слуцкий менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 15-ноябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий башында турган парламенттик делегация менен жолугушту.

 

Төрага өз сөзүндө акыркы жылдары Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык мамилелер жанданып бара жатканын айтты. “Бардык деңгээлдерде өз ара сый, достук пикир алышуулар жүрүп жатат. Мындай мамиле биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздү, эки тараптуу кызматташтыктын биримдик мүнөзүн бекемдейт”, - деди ал.

 

Жээнбеков миграция маселесине, анын ичинде Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо маселесине делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн бурду. Орусиядагы документтери жок Кыргызстандын жарандарына – эмгек мигранттарына карата миграциялык мунапыс колдонуу сунушун киргизди. “Кыргызстандын жарандары Орусиянын миграциялык эрежелерин сактоону, укуктук алкакта иштөөнү каалайт жана ага даяр”,- дейт төрага.

 

Төрага 1996-жылдын 28-мартында эки өлкө ортосунда кол коюлган Эмгек ишмердүүлүгү жана эмгек мигранттарын социалдык коргоо жөнүндө макулдашуу ченемдерин сактоо зарылдыгына токтолду. Ал макулдашууга ылайык, тараптар ар жылдын 30-ноябрынан кеч эмес убакта өз ара макулдук менен эмгек мигранттарынын санын аныктоого тийиш. Ошону менен бирге аларга "Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөсүнүн укуктук макамы жөнүндө" макулдашуунун долбоорун Кыргызстан Бажы биримдигине киргенге чейин карап берүү сунуш кылынды.

 

Леонид Слуцкий эки мамлекеттин башчылары эки тарапка тең пайдалуу болгон өнөктөштүк кызматташтыгынын жаңы баракчасын ачышкандыгын белгиледи. Ошону менен катар ал Кыргызстан менен Орусия ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин ратификациялангандыгы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын айтты.

Ошондой эле тараптар келечекте парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан