
Ооганстандык 15 жаштагы кыз дүйнөдөгү таасирдүү 25 аялдын катарына кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, The Financial Times гезити 15 жаштагы ооган кызын 2021-жылдын дүйнөдөгү эң таасирдүү 25 аялдын катарына кошкон. Аны аталган гезитке укук коргоочу жана "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай көрсөткөн.
"Сутуда Фурутан талибдердин аракеттерине нааразычылык билдирип, кыздардын мектепке баруусуна уруксат берүүнү талап кылды. Анын кайраттуулугу жана күчү Гераттагы талибдерге кыздардын мектепке кайтып келишине уруксат берген. Сутуда кыздардын билим алуу укугун коргоого батынган. Бүткүл дүйнө жүзү ушундай кыздардын үнүн угушу керек", - дейт Юсуфзай.
Ооганстанда талибдер бийликти басып алып, мектептер жабылгандан кийин Сутуда Фурутан өлкөдөгү аялдардын жана кыздардын укуктары үчүн активдүү активисттердин бири болуп калды. Анын айткандарынын видеосу Ооганстанда кеңири талкууга алынып, социалдык тармактарда көптөгөн колдоочуларын тапты.
Сентябрда шейиттер жумалыгында (Хафтай Шахид) жана Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнүн урматына Талибан өкүлдөрүнүн катышуусунда ал кыздар мектептеринин жабылышын сындаган.
Ооганстандагы жергилиутүү басылмалардын бирине берген маегинде Сутуда Ооганстандагы акыркы окуялар кыздардын билим алуу укуктарын коргоого аргасыз кылганын билдирген.