Австралия АКШ бийлигинин Кытайдагы кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялоо чечимине кошулат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Скотт Моррисонго таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.
"Кытайда өтүүчү кышкы Олимпиадага АКШ жарыялаган дипломатиялык бойкотко Австралия кошулат. Олимпиада оюндарына бойкот жарыялоо биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына туура келет", - деген Моррисон.
Премьер-министр бойкот жарыялоого Кытайдын Синьцзян провинциясында адам укуктарынын бузулуп жатканы жана Пекиндин Австралияга каршы соода санкциялары себеп болгонун билдирген.
Ал түшүндүргөндөй, бойкот австралиялык спортчулар оюндарга барбайт дегенди билдирбейт. Алар мелдештерге катышат. Олимпиадага Австралиянын расмий делегациясы гана барбайт.
Буга чейин АКШ жана Жаңы Зеландиянын бийлик өкүлдөрү 2022-жылы Пекинде өтүүчү Олимпиадага баруудан баш тарткан.
XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөт. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо утту.