Мыктыбек Абдылдаев “Ата Журт” фракциясынын лидери болуп шайланды

Мыктыбек Абдылдаев парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын лидери болуп шайланды. Муну парламенттеги өздүк булагыбыз билдирди. Маалыматка таянсак, анын талапкерлиги фракцияда бир добуштан колдонду. Айта кетсек, алгач бул фракцияны Садыр Жапаров жетектеген. Ал мандатынан ажыратылгандан кийин фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу болуп Улукбек Кочкоров дайындалган болчу.  

 

Мыктыбек Абдылдаев:

1953-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Улуту - кыргыз. 1960-жылдан 1970-жылга чейин Кара-Жыгач айылындагы орто мектепте окуган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн, 1989-жылы Москва шаарындагы СССРдин ИИМнин Башкаруу академиясын аяктаган.

 

Эмгек жолун 1970-жылы Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо токарь болуп иштөөдөн баштаган. 1971-1976-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти.

 

1976-1981-жылдары Фрунзедеги соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы, Кыргыз ССРинин ЛКЖСнын Борбордук Комитетинин методисти, инструктору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

 

1982-1983-жылдары Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облустук комсомол комитетинин катчысы кызматында иштеген.

 

1983-жылдын декабрь айынан 1986-жылдын август айына чейин Ысык-Көл облустук Аткаруу комитетинин Ички иштер башкармалыгынын саясий бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

 

1986-жылдын август айынан 1989-жылга чейин Москва шаарындагы СССРдин ИИМнин Башкаруу академиясынын күндүзгү бөлүмүндө окуган.

 

1989-жылы Ысык-Көл облустук ИИБинин башчысынын орун басары болуп дайындалган, ал эми 1990-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине депутат болуп шайланган, парламентте Жогорку Советтин туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

 

1991-жылдын ноябрь айынан 1994-жылдын ноябрь айына чейин Ысык-Көл облустук ИИБинин башчысы болуп иштеген.

 

1994-жылдын ноябрь айынан 2001-жылдын январь айына чейин КРнын Ички иштер министринин орун басары, биринчи орун басары кызматтарында иштеген.

 

2001-жылдын февраль айында КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган жана ошол эле мезгилде КРнын Президентинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп иштеген.

 

2002-жылдын январь айында КРнын Президентинин администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган.

 

2002-жылдын октябрь айынын 2005-жылдын март айына чейин КРнын Башкы прокурору.

 

2005-жылы КРнын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

 

2006-жылдын май айынан 2007-жылдын май айына чейин КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчиси болуп иштеген. 

 

2010-жылдын октябрь айында “Ата Журт” партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрь айынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, 2012-жылдын январь айынан парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы  күрөшүү   боюнча комитетинин төрагасы болуп иштөөдө.

 

 Юридика илимдеринин кандидаты

 Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

 Милициянын генерал-лейтенанты

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан