Башкы прокурор Аида Салянова токтотулуп жаткан кылмыш иштеринин саны өсүп жатканын бүгүн, 16-ноябрда мекемедеги коллегиялык жыйында билдирди. Ош облусунун жана Ош шаарынын прокурорлорун сынга алган башкы прокурор аймакта токтотулган кылмыш иштери 14 пайыздан 57 пайызга өсүп кеткенин айтты.
"Буга эмне себеп болду" деген суроого прокурорлор быйыл 9 айдын отчёту бириктирилгенин айтышты. “Быйыл ВИЧ, СПИДге байланышкан 10 иш токтотулду. Соттор кеңешинин судьяларынын маселелери боюнча да бир нече иш токтотулду”,- дешти алар.
Аида Салянова берилген суроого татыктуу жооп ала албаганын билдирди.