Бүгүн, 16-ноябрда Бишкектеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү митинги болуп өттү. Иш-чарага шаар башчысы Иса Өмүркулов, район акимдери жана репрессиянын курмандыктарынын жакындары катышты. Алардын катарында Ыманалы Айдарбековдун небереси Вифаргүл Айдарбекова болду. Аза күтүү мүнөтү болуп, асманга ок атылды.
Иса Өмүркулов: “Бүгүн биз кыргыз элинин өлкөбүздүн түптөлүшүнө салым кошкон адамдарды эскерүү үчүн чогулдук”,- деп 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын тарыхтагы ордун баса белгиледи.
Репрессияда көз жумгандардын жакындарына 28 миң сомдук материалдык жардам берилди.