Орусиянын Транспорт полициясы Новосибирсктин "Толмачево" аэропортунан Бишкектен учуп келе жаткан учакта жаңжал чыгарган жубайларды кармады. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, авиакомпаниянын өкүлдөрүнөн полиция бөлүмүнө Бишкектен Новосибирскке учуп келе жаткан учакка полиция кызматкерлери керек деген билдирүү келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге келген Транспорттук полиция кызматкерлери бизнес-класс учагында спирт ичимдиктерин ичип, жүргүнчүлөрдүн тынчын алган аял менен эркекти кармашкан. Ошол учурда кармалгандар орой сөздөрдү айтып, экипаждын токтотуу талабына эч кандай реакция жасашкан эмес. Эркекти кармоо учурунда анын аялы полиция кызматкерин уруп жиберген", - деген Орусия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк.
Кармалган жарандарга карата бир нече административдик протоколдор түзүлгөн. Алар Новосибирск шаарынын тургундары экени белгилүү болду.