Башкы прокуратура өлкөдө алкоголсуз жана энергетикалык суусундуктарды сатылышын чектөө тууралуу мыйзам иштеп чыгууну өкмөткө сунуштайт. Мындай чечим бүгүн, 16-ноябрда Башкы прокуратурада өткөн коллегиялык жыйында кабыл алынды. Жыйында “Алкоголсуз суусундуктардын коопсуздугу” жөнүндө мыйзам бузулуп жатканы айтылды. Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Кубан Мамакеев энергетикалык суусундуктар өспүрүмдөрдүн ден соолугуна зыян экенин, көптөгөн ооруларга себеп болуп жатканын айтты.