Швейцария жаңы президентин шайлады. Ал бир жылдык мөөнөткө шайланат

Швейцариянын парламенти тышкы иштер министри Иньяцио Кассисти өлкөнүн жаңы президенти кылып шайлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Кассис 2022-жылы 1-январда Швейцариянын учурдагы лидери Ги Пармелендин ордуна келет. 60 жаштагы тышкы иштер министрин тандоо чындыгында формалдуу көрүнүш, анткени ал тышкы иштер министри кызматына келгиче вице-президент болуп шайланган.

Швейцарияда парламент федералдык кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен президентти бир жылдык мөөнөткө шайлайт. Учурдагы президент формалдуу мамлекет башчысы болуп саналат, анткени өлкөнүн негизги өкмөтүн федералдык кеңеш жүргүзөт. Эрежеге ылайык, президент экинчи мөөнөткө шайлана албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан