Кыргыз өлкөсү дүйнөдөгү электр энергиясы эң арзан өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргыз өлкөсү дүйнө жүзүндөгү электр энергиясы эң арзан өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу британиялык "Cable.co.uk" басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, электр энергиясы эң арзан колдонгон ТОП-10 өлкөгө Орто Азиядан Өзбекстан, Тажикстан, Кыргыз өлкөсү кирген.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө электр энергиясы үчүн калк:

Кыргыз өлкөсүндө - бир киловатт-саат 0,017 доллар (1 сом 44 тыйын).

Тажикстанда - бир киловатт-саат 0,023 доллар (1 сом 95 тыйын);

Өзбекстанда - бир киловатт-саат 0,027 доллар (2 сом 29 тыйын) төлөйт.

Электр энергиясын эң кымбат колдонгон өлкөлөр Кариб деңизинде, Тынч океандын сырткы арал мамлекеттеринде, Германия менен Сомалиде. Бул өлкөлөрдүн жашоочулары бир киловатт-саат үчүн 0,30 (25 сом 44 тыйын) доллардан 0,69 долларга (58 сом 51 тыйын) чейин төлөшү керек.

Белгилей кетсек, адистер 230 өлкөнүн электр энергиясынын баасын талдап чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-12-09 14:10:42
Свет арзан болгону менен айлык,пенсия да ошого жараша да бизде
+7
shankol88
2021-12-09 15:23:33
Ушинтип айтип элди көндүрүп атышат
Арзан екен деп,башка жактарын еске алышпайт,
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан