Коронавирус пандемиясынан улам дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулар Google`дан ар түрдүү тамактардын рецебин көп издешкен. Бул тууралуу компаниянын статистикасына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, рецептерден кийин эле колдонуучулар Google`дан спорт жаңылыктарын жана көп сандагы терс жаңылыктарды издешкен.
Белгилүү инсандарга келсек, биринчи орунду Алек Болдуин ээлеген.
Эске салсак, буга чейин актёр Алек Болдуиндин кино тартуу учурунда кокусунан режиссёр менен операторду тапанча менен атып алганы боюнча маалыматтар жарыяланган. Кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы оператор Галина Хатчинс санитардык авиация менен ооруканага жөнөтүлгөн, бирок анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Андан кийин - Кайл Риттенхаус (АКШдагы афроамерикалыктардын укугун коргоп жаткан нааразычылык акцияларында эки адамды атып салган 18 жаштагы жигит) жана АКШнын президенти Жо Байден.