Чүйдүн Чоң-Жар айылына мурунку милиция кызматкери Өмүрзак Кожогуловдун эстелиги орнотулду

Чүйдүн Чоң-Жар айылында мурунку милиция кызматкери Өмүрзак Кожогуловдун эстелигинин ачылышы болду. Эстеликти орнотууга Сокулук райондук администрациясы, Күн-Туу айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү тургундар көмөктөшкөнүн Чүй ОИИБи билдирди. Иш-чарага Сокулук РИИБинин жетекчилиги, ИИМдин ардагерлери катышты. Анда Ө.Кожогуловдун эрдиги эскерилди. 

Айта кетсек, Ө.Кожогулов 1971-жылы 15-октябрда Фрунзе темир жол бекетинде 2 кылмышкерди колго түшүрүү учурунда каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан