Жумуш ордундагы зомбулук жана ыдык көрсөтүү көйгөйү Кыргызстанда актуалдуубу?

Харассмент же болбосо сексуалдык ыдык көрсөтүү деген эмне? Бул сексуалдык мүнөздөгү жагымсыз жана орунсуз “тийишүүлөр” – комплименттер, тамашалар, ымдоо-жаңсоолор, көз караштар, кадыр-баркка шек келтирген сөздөр, жыныстык катнаш менен алектенүүгө сунуштар, ошондой эле кармалап, кучактоо.

Ала качуунун курмандыгы болгон 18 жаштагы Бурулай Турдали кызы жана 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү эсиңиздеби? Чырактай курагында мыкаачы жигиттердин колунан каза тапкан 2 кыз сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн курмандыгы болушкан. Мындай кейиштүү жыйынтыкка кириптеген көйгөйгө бөгөт коюу үчүн “Супер-Инфо” гезити 5 жумалык челлендж жарыялайт. Эгер сиз сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылсаңыз WhatsApp`тан 0770882719 номерине окуяңызды жазып жөнөтүңүз. Ошондой эле социалдык тармактагы баракчаңызга #АчыкАйтам #Коркпойм #Тийишпе хештегдерин колдонуп, башыңыздан кечирген окуяны жазсаңыз болот. Окуялар анонимдүү болоруна кепилдик беребиз. Бул социалдык долбоор Гендердик зомбулукка каршы уюштурулган кампаниянын алкагында демилгеленип жатат.

Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №992 санынан окуй аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин №992 -жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан