Мексикада жүк ташуучу унаа менен болгон жол кырсыгынан 53 адам каза болду

Мексиканын түштүк-чыгышында мигранттар менен бара жаткан жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, кеминде 53 киши каза болуп, 58 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Гватемаладан келе жаткан чиркегичи бар жүк ташуучу унаа дубалды сүзүп, оодарылып кеткен. Катуу соккудан улам кээ бир жүргүнчүлөр унаанын чиркегичинен кулап түшүшкөн.

Каза болгон жүргүнчүлөрдүн көбү Гватемала өлкөсүнөн экени белгилүү болгон.

Кырсык катталган штаттын губернатору каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга өз убагында жардам жана колдоо көрсөтүүнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ak_Bulut
2021-12-10 14:48:14
Түүй , кырылып калышкан турбайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан