Түрмө жөнүндөгү ойдун өзү көпчүлүк адамдарды мыйзамдын чегинен чыгарбоо үчүн жетиштүү. Кыймыл эркиндигинен жана жакын адамдарын көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуу, карьералык келечегин бузуу, катаал кылмышкерлердин ар кандай кол салуу коркунучун айтпаганда да, мындан жаманы эмне болушу мүмкүн? Кылмышкерлер коркунучтуу шарттарда жашап, кыйноого, кемсинтүүгө кабылган дүйнөдөгү эң коркунучтуу түрмөлөр тууралуу баяндап бермекчибиз.
"Карандиру".
Дүйнөдөгү эң коркунучтуу түрмөлөрдүн бири "Карандиру". Абак Бразилиянын Сан-Паулу шаарына жакын жерде жайгашкан. 2010-жылы бул жерде 102 туткун массалык түрдө өлтүрүлгөн. Абакта дарыгердин жардамын алуу дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми дарыгер табылса, абактагыларга хирургиялык операция наркоз берилбестен жасалат. Анын үстүнө абактагы ар бир бешинчи адам ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган. Абакта 7 жарым миңдей туткун бар. Аларды миң көзөмөлчү кайтарат.
"ADX Florence"
"ADX Florence" абагы АКШнын Колорадо штатында жайгашкан. Камалгандар жумасына болгону 9 саат гана эшикте жүрүшөт. Абактагылар камерадан тамактанышат, укташат, жада калса бошонушат. Алар суткасына 22 саат күндүзгү жарыкты көрүшпөйт. Бул абактагылар бири-бири менен сүйлөшө алышпайт, башкача айтканда эч кандай байланыша алышпайт. Бул максималдуу коопсуздук түзөтүү мекемеси "тозоктун таза версиясы". Бул абак эң коркунучтуу кылмышкерлерди кармоого ылайыкталган, алардын көбү тар камераларда күнү-түнү жалгыз болушат. ADX Florence" камераларындагы стол, керебет жана отургуч бетондон жасалган. Бирок үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн абактагыларды телевизор, радио жана дубалга болоттон жасалган күзгүсү бар камерага которууга болот.
"Ла Санте"
Коркунучтуу түрмөлөрдүн тизмесин Париждеги "Ла Санте" толуктайт. Бул жердеги туткундар ушунчалык эзилгендиктен, өлүш үчүн баштарын дубалга уруп, келемиштердин уусун же вилканы жутуп жиберишет. 1999-жылы эле түрмөдө 124 адам өз жанын кыйган. Абактагы камералар толуп, жазасын өтөгөндөр жумасына 2 жолу гана жуунууга мүмкүнчүлүк алышат, өтө начар даярдалган тамактарды жешет. Абактагылар тынымсыз тери ооруларына чалдыгып, ошондой эле биттеп кетишет. "Ла Сантеде" келемиштер көп болгондуктан, туткундар буюмдарын шыпка илип коюшат. Бул түрмөдө зордук-зомбулук ушунчалык кеңири жайылгандыктан, абактагылар камераларынан күнүнө төрт саатка гана чыгышат. Күзөтчүлөр отургандарга өтө ырайымсыз мамиле кылышат, баш ийбегендер дароо жазалоочу камерага барышат жана көбүнчө суусуз калышат. Түрмө 1867-жылы курулган жана дагы эле мыкаачылыктын, бузукулуктун жана зордук-зомбулуктун жери болуп саналат. Күчтүү туткундар алсыздарды кулга айландырышат.
"Тадмор"
Коркунучтуу тизмеден Сириянын Тадмор шаарындагы аскердик түрмө да өз ордун ээлейт. Дал ошол жерде сириялык акын Фараж Беракдар өмүрүнүн беш жылын өткөргөн. Ал жерди акын «өлүм менен жиндиликтин падышалыгы» деп мүнөздөгөн. Тадмордо орто кылымдардагы таяк, аркан жана балта менен кыйноо кеңири таралган. Сакчылардын курмандыктарынын арасында күнөөлүү да, күнөөсүз да бар. Көбүнчө күзөтчүлөр кыйноо үчүн туш келди адамдарды тандашат. Бул түрмөнүн дубалдарындагы катаал мамиле, кыйноо жана адамгерчиликсиз мамиле аны бүткүл дүйнөгө жаманатты кылды. Тадмор түрмөсүндөгү эң үрөй учурган окуя 1980-жылдын 27-июнунда болгон. Анда аскерий лидер Рифат Асаддын буйругу менен аскерлер бир убакта 500дөй туткунду өлтүрүшкөн. Бул “Мусулман агайыңдар” кыймылынын Сириянын президенти Хафез Асаддын өмүрүнө кол салуусу үчүн өч алуу болгон.
"Лагер 22"
"Лагер 22" деген аталыштагы абакта 50 миңдей туткун бар. Алардын көбү Түндүк Кореянын өкмөтүн сындаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандар. Андан да таң калыштуусу, лагерь Түндүк Кореяда иштеп жаткан 30 концлагердин бири гана. Дүйнөдөгү эң начар абактагы шарттар мүмкүн болушунча оор абалда экени анык. Туура эмес тамактануу норма болуп саналат жана бардык камактагылар иштеши керек. Мамлекеттин кулу болуп, оор физикалык жумуштарды бекер кылышат. Атүгүл Түндүк Кореядагы саясий лагерлерде адам эксперименттери жасалганы тууралуу маалыматтар бар. Бириккен улуттар уюму адам укуктарынын бузулушу боюнча расмий билдирүүлөрүнүн биринде өлкөдөгү лагерлердин абалын Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Германиядагы нацисттердин кылмыштары менен салыштырган.
"Диярбакыр"
Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарындагы балдар түрмөсү катаал абактардын катарын толуктайт. Түркиянын мыйзамдарында балдар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мекеменин имараттары толуп, кармоо шарттары санитардык нормаларга жооп бербейт. Абактагылар менен күзөтчүлөрдүн ортосунда тынымсыз кагылышуулар болуп, баш аламандыктар бир топ ырайымсыз окуялар менен болуп турат. Мисалы, 1996-жылы «пландуу кыргын» учурунда 10 адам каза болуп, дагы 23 туткун жарадар болгон. Абактагылар көбүнчө укугу жок болгондуктан аёосуз ур-токмокко алынат. Тикенектүү зымдардын артында медициналык жардам көрсөтүү системасы дээрлик жок, анын үстүнө тургундарды реабилитациялоо программасы каралган эмес.
"Муханга"
Бул дүйнөдөгү эң толуп турган түрмө. Болгону 400 кишиге эсептелген мекемеде 7000дей киши отурат. Анткен менен жарым миллион адам геноцидден набыт болгон Руанда сыяктуу өлкөдө абак шарттары көпчүлүк жарандардын көңүл борборунда эмес. "Муханга" абагында отургандардын көбү бир күн кечке туруп, бош орундун жетишсиздигинен улам бири-бирине жөлөнүп уктоодон башка аргасы жок. Киши ашыкча толгондуктан көптөгөн туткундар бошонгон күнгө чейин муунуп же оорудан өлүшөт. Дүйнөдөгү эң коркунучтуу түрмөлөр сыяктуу эле, Мухангда санитардык абал такыр жок. Полду саркынды суулардын катмары каптагандыктан, абактагылардын көбү дартка чалдыгышат.
"Ак куу"
"Ак куу" өзгөчө жана катуу режимдеги колония болуп саналат. Айланасы күчтүү тосмолор, тикенек зымдар менен курчалган. Колониядан бир дагы туткун качып чыга алган эмес. Аларды 600гө жакын кароолчу жана 50 кызматтык иттер кайтарат. Андан сырткары видеокөзөмөл орнотулган. "Ак кууда" жаза өтөп жаткан кылмышкерлер боюнча статистикасына көз чаптырсак, 1 кылмышкерге 3 киши өлтүрүү туура келет. Кызыгы, соттолгондор отурган камераларда жарык эч качан өчүрүлбөйт. Колониядагы катаал режимге эң коркунучтуу кылмышкерлер да туруштук бере алышпайт. Түрмөдө өзүн-өзү өлтүрүү көп кездешет. Эгерде туугандары сөөктү алуудан баш тартышса же кылмышкердин жакындары жок болсо, ал шаардык көрүстөнгө коюлат. Ошентсе да туткундардын 70 пайыздан ашыгы "Ак куунун" дубалынан кетүү үмүтүн үзбөйт.