Австралияда Ооганстандан барган аял кызын таксистке сатып жиберди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, көп убакыт өтпөй эле ал кызы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн деген жүйө менен сотко кайрылган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 45 жаштагы Сакина Мухаммад Жан 25 жаштагы таксист Мохаммед Али Халимден 15 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Андан соң Сакина Мухаммад Жан өз кызы Рукия Хайдарды мажбурлап таксистке турмушка узаткан.
Австралияда мажбурлап никеге туруу кулчулуктун бир түрү жана кылмыш катары каралат. Чет элдик басылманын билдирүүсүндө жубайлар баш кошконго чейин төрт жолуу гана жолугушкан..
Турмуш кургандан кийин жубайлардын ортосунда чыр-чатак көп чыгып, экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр орун алып келгенин укук коргоо кызматкерлери билдиришкен.
Адаттагы жаңжалдардын биринде Мухаммед Али Халим жубайын ашкана бычагы менен сайып алган. Ал жаракатынан улам каза болгон.
Кылмышка шектүү деп кармалган Мухаммед Али Халим соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган.