9-декабрда «Газпром Кыргызстан» компаниясы Көк-Жар айылына жаратылыш газын берди. Компания жалпы узундугу 64 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү тармактарын курду, эми 7,5 миң жашоочу экологиялык таза отун менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
«Биз бул айылды газдаштыруу долбоорун 2018-жылы эле баштаганбыз. Былтыркы жана быйылкы жылдагы пандемиядагы кыйынчылыктарга карабастан, биз өзүбүздүн милдеттенмелерибизди толук аткардык жана бул долбоорду мөөнөтүнөн мурда ишке ашырдык. Коюлган пландар боюнча бул айылды газдаштыруу иштери 2022-жылдын апрель-май айларына белгиленген. Бирок жашоочулардын каалоосун жана өлкөдөгү электр энергиясы менен байланышкан кырдаалды эске алуу менен мөөнөтүнөн мурда газ бердик», - деп билдирди салтанаттуу иш-чарада «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов.
Көк-Жар айылы «Газпром Кыргызстан» компаниясы тарабынан газдаштырылган 39-калктуу конуш.
Компаниядан маалымдашкандай, жаратылыш газы – экологиялык жактан таза, энергоэффективдүү жана экономикалык көрсөткүчү боюнча стабилдүү отун болуп саналат. Газ менен жылытуу системасын күн сайын тейлөөнүн кереги жок жана анын натыйжалуулугу тармактагы чыңалуудан көз каранды эмес.
«Газ катуу отунга салыштырмалуу атмосферага көмүр кычкыл газын 50%га аз бөлүп чыгарат. Газ менен жылытуу системасынын пайдалуу аракет коэффициенти электр энергия жана катуу отун менен жылытуу системасынан жогору. Кыргызстандагы отун-энергетикалык кризиске карабастан, газга болгон тариф жогорулаган жок. Газдын дефицити болбойт. Кыргызстандын дүйнө жүзүндө жаратылыш газынын эң көп запасы бар Россия менен болгон отун жеткирүү келишими узак мөөнөткө түзүлгөн», - деп билдиришти компаниянын өкүлдөрү.
2016-жылдан бери компания 1000 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөрүн куруп, өлкөнүн газ тармагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүүгө 28 миллиард сомдон жогору инвестиция жумшады.
Бүгүнкү күндө 360 000 абонент жаратылыш газы менен активдүү колдонууда. Бул «Газпром Кыргызстан» компаниясынын республиканын рыногуна келгенге чейинки көрсөткүчтөн 200 000ге көп.
Бул убакыт аралыгында Кыргызстанды газдаштыруу деңгээли 22 пайыздан 36 пайызга жогорулады. 2030-жылга чейин компания бул көрсөткүчтү 60 пайызга чейин жеткирүүнү пландап жатат.