Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарында кызматкерлер төрт күндүк иш убактысына өтөт

Перс булуңунун түштүгүндө жайгашкан Араб Эмираттарынын Шарджа шаарында мамлекеттик кызматкерлерди төрт күндүк жумуш убактысына өткөргөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Чечимге ылайык, Шарджанын мамлекеттик мекемелеринин иш жумасы дүйшөмбү-бейшемби күнгө чейин болот. Ал эми дем алыш күндөрү жумадан жекшембиге чейин узартылат.

Шарджа өкмөтүнүн Аткаруу кеңешинин башкы катчысынын жардамчысы Ахмед аль-Сувайди билдиргендей, бул өзгөрүүгө ылайык, мамлекеттик органдардын расмий иш убактысы 07:30дан 15:30 га чейин созулат. Мындай чечим 2022-жылдын 1-январдан тарта күчүнө кирет.

Шарджа Жакынкы чыгышта төрт күндүк иш убактысына өткөн биринчи аймак болуп калат. Мындай чечим буга чейин Бирикен Араб Эмираттары (БАЭ) расмий иш жумасын төрт жарым күнгө кыскартып, дем алыш күндөрүн ишемби жана жекшембиге которууну жарыя кылган соң кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2021-12-11 15:29:27
Жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан