Казандагы 9 адамдын өлүмү: Ильназ Галявиевге акыркы айып коюлду

Орусиянын Тергөө комитети Казань шаарындагы гимназияда ок атышууну уюштурган Ильназ Галявиевге Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча акыркы айыпты такты. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, кылмыш ишинде топтолгон далилдердин негизинде акыры ага Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүндө, 223-беренесинин 1-бөлүгүндө, 222-беренесинин 1-бөлүгүндө, 167-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган деген айып тагылган.

Галявиев эки же андан көп адамды, анын ичинде жашы жете электерди коркунучтуу түрдө өлтүрүү, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, жардыргыч затты жасоо, мүлккө атайылап зыян келтирүү боюнча айыпталууда.

11-май күнү Казандагы №175 мектептин мурунку окуучусу билим берүү мекемесине ок чыгарган. Анын кесепетинен тогуз адам каза болуп, 21 адам жаракат алганы белгилүү болду. Атышууну уюштурган эки жигит кармалып, кылмыш иши козголгон. Август айында Галявиев психиатриялык текшерүүдөн кийин абактагы психиатриялык ооруканага которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан