Москва шаарында Тажик жаранынан качкан кыз өзүн куткаруу үчүн терезеден секирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы тажикстандык Толибчон Аминов 20 жаштагы кызды үйүн акчага жыйнатам деген шылтоо менен үйүнө азгырып келген. Андан соң аны сабап, зордуктаган. Кыз андан качууга аракет кылып, төртүнчү кабаттын терезесинен секирип кеткен. Кылмышкер сыртка чыгып, жабырлануучунун моюнуна бир нече жолу бычак сайган. Окуяга күбө болгондор дароо полиция жана "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Жабырлануучу оор абалда медициналык мекемеге жаткырылган.
Кылмыш болгон учурда кол салган адамдын батиринде дагы 22 жана 37 жаштагы эки аял болгондугу кабарланды. Алардын колдору скотч менен байланган.
Маалым болгондой, Аминов буга чейин укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ага карата зордуктоо жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.