Дубайдан жоголгон Диего Марадонанын 23 миң евролук сааты Индиядан табылды

Легендарлуу футболчу Диего Марадонанын Дубай шаарында жоголгон 23 миң евролук "Hublot Big Bang" сааты Индиянын Ассам штатынан табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сааттын Индиядан табылганын алгачкылардан болуп Ассам штатынын министри Химанта Бисва Сарма айтып чыккан. Учурда саатты Дубай шаарына кайтаруу боюнча полиция кызматкерлери сүйлөшүү жүргүзүүдө. Саатты уурдоого шектелип бир адам кармалды.

Ассам полициясынын айтымында, шектүү жаран Дубайда иштеп, жакында Индияга кайтып келген. Саат Марадонанын жеке менчиги болгон, ал башка буюмдар менен бирге сейфте сакталган. Полициянын маалыматы боюнча, кармалган жаран Марадонанын буюмдарын кайтарган жеке компанияда күзөтчү болуп иштеген.

Марадона 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда дал ушул саатты тагынып жүргөн. Саат 250 даанадан турган чектелген нускада чыгарылган. Сааттар 2010-жылдагы Дүйнө чемпиондугунда тез эле сатылып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2021-12-12 13:56:34
Канында бар да булардын.
+1
Belek1710
2021-12-12 14:18:46
Жүрөгү эмне болду экен табылыптырбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан