АКШ президенти Жо Байден "Орусия Украинага басып кирсе" Чыгыш Европадагы НАТО өлкөлөрүнө кошумча күчтөрдү жиберет. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Жо Байден мындай кадамдар Москвага гана таасирин тийгизбестен, башка өлкөлөрдүн ага болгон мамилесин да өзгөртөт деп ишенет.
"Орусия бул ишке ашса коркунучтуу бааны төлөйт", - деген Жо Байден.
10-декабрда Жо Байден менен Украина президенти Володимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Байден Орусия Украинанын аймагына басып кирип, эки өлкөнүн чек арасында кырдаал курчуй турган болсо, Орусияны катуу санкциялар күтүп турганын билдирген.