Индиянын Махараштра штатында киши өлтүргүч аны менен эс алууга келген аялдын башын уурдап кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу жигити менен мейманкананы ижарага алган. Мейманкананын ээси анын кесилген денесин эртең менен келгенде таап алган. Негизги шектүү катары ал менен мейманканага чогуу келген адам саналууда. Шектүү аялды өлтүрүп, башын уурдап кеткен.
Милиция үйдөн 50 метр алыстыкта табылган баштыктан маркумдун аты-жөнүн тактоого жетишкен. Каза болгон адам 30 жаштар чамасында болгон. Кол салган адам жабырлануучунун башы менен кошо анын бардык буюмдарын алып кеткен. Бирок ошол эле учурда ал мейманкананын айланасындагы видеокөзөмөл камераларынын объективдерине кирбей калган.
Шектүүнүн аты-жөнү жана жайгашкан жери белгисиз.