Японияда айдоочунун мас абалын аныктай алчу отургуч иштелип чыкты

Япониянын Улуттук алдыңкы өнөр жай илими жана технологиялар институтунун окумуштуулары айдоочунун мас экенин аныктай турган акылдуу унаа отургучун ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, унаанын отургучу атайын датчиктер менен жабдылган, алар жүрөктүн согушу жана дем алуу ылдамдыгы тууралуу маалыматты чогултуп, ошондой эле абалды көзөмөлдөп, айдоочу кандайдыр бир тарапка эңкейип кетсе эскертип турат.

Бул технология кийинки муундагы унааларда колдонулушу мүмкүн. Мындай унаалар айдоочунун абалынын начарлашын байкап, "Тез жардам" кызматын чакыра алат. Же айдоочу мас абалында болсо унаанын кыймылына бөгөт коё алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Isken90
2021-12-13 15:11:48
Мына сага онугу акылдуу калктар биздикилер только ушактамай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан