Дүйнө жүзүндө 2 миллиардга жакын авто унаа бар. Алардын көбү сонун дизайнга, күчтүү жана үнөмдүү кыймылдаткычтарга, көңүл ачуу жана коопсуздук системаларынын кеңири муктаждыктарына ээ.
Кыргыз өлкөсүндө дагы ылдамдыкты сүйгөндөр аз эмес. Мындан улам биз дүйнөдөгү эң ылдам жана эң кымбат унааларды карап көрдүк.
10-орунда: McLaren Speedtail - баасы 2 миллион 250 миң доллар.
McLaren Speedtail - Ultimate сериясындагы атактуу McLaren F1 унаасынын мураскери. Бул футуристтик дизайны жана таасирдүү ылдамдыгы бар гиперкар. Кыймылдаткычтын кубаттуулугу 1 миң 36 аттын күчүнө барабар. Гибриддик автоунаа аэродинамикалык дизайнга ээ жөнөкөй профили бар жана түзүлүшү чоң айнек капкак менен жабылгандай көрүнөт. Унаанын алдыңкы бөлүгүндө айдоочу гана отурат жана арткы бөлүктө 2 адам отурса болот.
9-орун: Pininfarina Battista - баасы 2 миллион 500 миң доллар.
Италияда чыгарылган эң күчтүү унаалардын бири. Унаанын электр кыймылдаткыч системасы 1 миң 900 аттын күчүнө барабар жана эки секундага жетпеген убакытта 100 км/саат ылдамдыкты ала алат. Унаа 450 чакырымга чейин заряддалбай эле жүрө алат. Унаанын кыймылдаткычынын үнүн жогорулатып же азайтып койсо болот.
8-орун: Mercedes-AMG Project One - баасы 2 миллион 700 миң доллар.
Бул унаа Mercedes компаниясы чыгарган эң кымбат унаалардын бири. Унаа токтоп турганда дагы катуу ылдамдыкта кетип бара жаткандай көрүнөт. Унаанын кыймылдаткычы 1,6 сантиметр куб жана унаа 1000 аттын күчүнө барабар. Компания тарабынан көрсөтүлгөн максималдуу ылдамдыгы саатына 350 чакырым. Унаа 6 секундда 200 чакырымды ала алат.
7-орун: Koenigsegg Jesko - баасы 2 миллион 800 миң доллар.
Унаа жарышка түшкөн трассаларга дагы жөнөкөй трассага дагы ылайыкталган. Чоң өлчөмдөгү арткы канаты жогорку ылдамдыкта төмөндөө күчүн азайтууга жардам берет. Көмүртек буласынан жасалган шасси менен жабдылган, ал 1 миң 280 аттын күчүнө барабар жана 5,0 литрлик эки турбо V8 кыймылдаткычына ээ.
6-орун: Aston Martin Valkyrie - баасы 3 миллион 200 миң доллар.
Эски дизайн менен жасалган заманбап унаа. Унаанын күчү 1 миң 160 аттын күчүнө барабар. Унаанын кыймылдаткычынын көлөмү 6,5 литр жана V12 кыймылдаткычы менен иштейт. Унаада күзгүнүн ордуна каптал камералары орнотулган. Ичинде айдоочу менен жүргүнчү Формула 1 жарышындагы унаалардай буттарын өйдө көтөргөн абалда отурушат. Айдоочу менен жүргүнчүнү бекем кармап турган төрт чекиттүү коопсуздук куру бар.
5-орун: W Motors Lykan Hypersport - баасы 3 миллион 400 миң доллар.
Дубайда жайгашкан W Motors компаниясынын биринчи араб суперкары. Унаа алмаз менен капталган LED фаралары жана өзгөчө формадагы арткы спойлери менен айырмаланып турат. Унаада айдоочуга керектүү болгон бардык ыңгайлуулуктар бар. Дубайда чыккан бул унаа 780 аттын күчүнө барабар. Унаа саатына 395 чакырымды жүрүп өтө алат.
4-орун: Pagani Huayra BC Roadster - баасы 3 миллион 500 миң доллар.
Horacio Pagani ультра экзотикалык унаа өндүрүүчүсү укмуштуудай Huayra BC Roadster унаасын иштеп чыкты. Унаа жарыш унаасы сыяктуу ылдам гана эмес, эң экстремалдуу ылдамдыктагы унаага окшош. Анын арткы жагында чоң канат түрүндөгү спойлер менен капталган динамикалык ийри сызыктары бар корпусу бар. Унаа 791 аттын күчүнө барабар. Анын токтоткучу (тормоз) мыкты деңгээлде иштейт.
3-орун: (Tie) Bugatti Chiron Pur Sport - баасы 3 миллион 600 миң доллар.
Бул унаа өзгөчө стилде жасалган. Унаанын алдыңкы торунда W16 кыймылдаткычын белгилөө үчүн Bugatti 16 деп жзазылган. Унаа 1500 аттын күчүнө барабар. Унаанын максималдуу ылдамдыгы саатына 350 чакырым. Унаанын ички жасалгасы алюминий жана титан менен кооздолуп, капталган.
2-орун: (Tie) Lamborghini Sian FKP 37 - баасы 3 миллион 600 миң доллар.
Lamborghini Sian FKP 37 - бул италиялык унаа чыгаруучу компаниянын биринчи гибрид сунушу. FKP аталышынын бир бөлүгү "Porsche" унаа чыгаруучу компаниясынын мурдагы төрагасы жана компаниянын негиздөөчүсү Фердинанд Поршенин небереси Фердинанд Карл Пиехке таандык. Унаа айдоочуга бардык жагынан ылайыкталган. Унаанын 48 вольт V12 гибрид-электр кыймылдаткычы трассада 819 аттын күчүн иштеп чыгат жана унаага болжол менен 355 км/саат ылдамдыкка жетүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле 3 миллион 600 миң доллар унаа баасынын баштапкы чекити экенин эстен чыгарбоо керек. Бул сумма унаа жасалгасына жараша дагы 2-3 эсеге жогорулашы мүмкүн.
1-орун: Bugatti Chiron Super Sport 300+ - баасы 3 миллион 900 миң доллар.
Дүйнөдөгү эң кымбат авто унаа. Бул унаа компаниянын 110 жылдык мааракесин белгилөө үчүн чыгарылган. Унаанын 8,0 литрлик W16 кыймылдаткычы турбокомпрессордук версия менен иштейт. Унаа өзгөртүлгөн редуктор аркылуу 1 миң 600 аттын күчүн берет. Германиянын Төмөнкү Саксония шаарындагы Ehra-Lessien ипподромунда жүргүзүлгөн сыноолорго ылайык, унаа дээрлик укмуштуудай саатына 490 чакырымды басып өтө алат.