Жер менен тегизделген үйлөр, тамырынан жулунган бактар, оодарылган унаалар... АКШ торнадодон кийин (сүрөттөр)

АКШнын түндүк-чыгышында жумадан ишембиге караган түнү катталган тропикалык "Ида" куюну жалпысынан 6 штаттан: Миссури, Миссисипи, Арканзас, Теннесси, Иллинойс, Кентукки штаттарынан өтүп олуттуу зыяндарга алып келди. Алардын ичинен эң көп Кентукки штаты жабыркады. Ал эми аталган штаттагы Мейфилд шаары толугу менен кыйраганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Акыркы маалыматтарга караганда жараталыш кырсыгынан каза тапкандардын саны 100дөн ашты.

Мейфилд шаарынын мэри Кэти Стюарт "Шаардагы жеке менчик унааларда жана имараттарда сынбаган айнек калган жок", - деп билдирди. Анын айтымында куюн Мейфилд шаарындагы бир катар имараттарды жер менен кошо тегиздеп кеткен. Ал ортодо дүйнөлүк маалымат булактары жарыялаган Кентукки штатындагы сүрөттөрдөн тамырынан жулунган бактарды, оодарылган унааларды, жер менен тегизделип калган имарат урандыларын көрүүгө болот.

"Ида" куюну АКШ аймагында 16 жылдан кийин кайталанган күчтүү куюндардын бири болду. Буга чейин 2005-жылы ушул эле аймакта "Катрина" куюну катталып, 2 миңге жакын адамдын өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Fernando_Torres
2021-12-13 17:39:25
Айттым беле кафурларга тообо кылбасанар эртеби кечпи ушуну кормоксунор бул Бир кыпындай эле нерсе жокдон барды жасаган Аллах Бардан жокту оной эле кылып салат Американы суу жутат бул китепте бар бул акыйкаттык ошол убак келгенде жакасын кармап ыйлайсынар ыймандан чыккан нажас макуру харамдар
-2
Aimani
2021-12-13 19:58:32
Fernando_Torres, Чыныгы мусулман табалабайт.Исламды тутунбагандар адам эмеспи тобо.канча адамдар үй жайын жоготту, өлүмгө дуушар болду. Тобо дейли бир күнү бизде мындай шамал,куюн болбойт деген кепилдик жок да
+3
bond0202
2021-12-13 21:04:26
Fernando_Torres,сен мусулман эмессин.динден чыккан бузуку кафир сенсин.сени мучулман дини эмес башка диндегилер да кабыл албайт
0
Nuuman
2021-12-13 21:07:14
Fernando_Torres,акмактын сөзүн сүйлөйсүң тууган.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан