Александр Лукашенко 25 жылдан бери алгачкы жолу Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисин алмаштырды

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко 25 жылдан бери алгачкы ирет өлкөдөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисин алмаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган мекемени 1996-жылдан бери Лидия Ермошина аттуу айым жетектеп келген. Лукашенко анын ордуна 2016-жылдан бери өлкөнүн билим берүү министри болуп иштеп турган Игорь Карпенкону жетекчи кылып дайындаганы кабарланды.

Александр Лукашенко БШКнын кызматтан алынган жетекчиси Лидия Ермошинанын убагында 5 ирет президенттик шайлоону жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан