Бразилияда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 7 адам каза болду

Бразилиянын түндүк-чыгышындагы Баия штаты менен коңшу Минас-Жерайс штатында нөшөрлөгөн жамгырдан кеминде 7 киши каза болуп, 175 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аптанын ортосунан бери аталган штаттардын чек арасында экстратропикалык циклон күч алып, анын кесепетинен аймактагы жаан-чачындын деңгээли 450 миллиметрге жеткен. Баия штатынын 25 муниципалитетинде өзгөчө кырдаал жарыяланып, алардын айрымдарында акыркы 35 жылдагы эң катуу суу ташкындары болгон.

Куткаруучулар билдиришкендей, 5-7 миңге жакын адам үй-жайсыз калган, дагы 6-7 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Кырсыктын кесепетинен облустун 85 миңден ашуун тургуну жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан