Жаңы Зеландияда жашоочулардын бири бир күндө коронавируска каршы 10 жолу вакцина алган

Жаңы Зеландиянын жашоочуларынын бири бир күндө 10 жолу коронавируска каршы вакцина алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аты-жөнү али такталбаган белгисиз жаран өзүн ар башка адамдай көрсөтүп, жергиликтүү эмдөө пунктунан бир күндө 10 жолу вакцина алган. Ал эми дарыгерлер эмдөө маалыматтары жаңыланганга чейин жарандын өздүгүнө карабастан эмдөө жасаганы маалым болду.

Аталган өлкөдө жарандар эмделгендиги тууралуу сертификаты жок бир катар коомдук жайларга кире алышпайт. Бийлик 10 жолу эмдөө алган жаранга вакцина алгысы келбегендер акча төлөгөн болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Ал эми Окленд университетинин вакцинологу Хелен Петусис-Харрис жарандын кылганын "келесоолук" деп атаган.

"Вакцинанын организмге тийгизген таасири тууралуу маалыматтар чектелген болсо да, мен ал адам эртеси күнү өзүн өтө жаман сезиши мүмкүн деп ойлоп жатам", - деп билдирген ал.

Учурда анын дарыгерлерге билгизбей кантип 10 доза вакцина алгандыгы бийлик тарабынан иликтенип жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан