Владимир Путин менен Улуу Британиянын премьер-министри Украина тууралуу сүйлөшүштү

Орусиянын президенти Владимир Путин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда британ премьер-министри Путинге Украинадагы туруксуздукка алып баруучу бардык аракеттер Орусия үчүн “стратегиялык ката” болорун эскертти. Путин өз кезегинде НАТО өлкөлөрүнүн Украинанын аймагын жигердүү аскердик өзгөртүүлөрү Орусиянын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирерин баса белгиледи. Мындан тышкары Путин "Украинанын орус тилдүү калкты басмырлоо саясатына" көңүл бурду.

Жыйынтыгында Орусиянын президенти Владимир Путин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон бардык тараптар Минск келишиминин шарттарын сактоосу өтө маанилүү экенине макул болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан