"Абалы оор". Санкт-Петербургда башка жигит менен сүйлөшкөнү үчүн 16 жаштагы кызга кислота чачылды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жаш жигит сейилдеп бара жаткан 16 жаштагы кыз менен 18 жаштагы баланын үстүнө кислота чачты. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя 10-декабрь күнү кечке жуук болгон. Анда жигити менен сейилдеп бара жаткан 16 жаштагы кызга мурдагы сүйлөшкөн жигити кызганычтан улам кислота чачып жиберген. Чачылган кислота кыздын бүт денесине жайылган. Азыр дарыгерлер жабырлануучунун өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Кыздын абалы оор.

Кол салган 24 жаштагы жаран өзүн-өзү өлтүрүүгө даярданып жаткан учурда мейманканадан кармалган. Азыр ал жигит камакта. Полиция ага карата кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан