Бишкекте бүгүн, 18-ноябрда адам укуктары боюнча форум өтөт

Бүгүн, 18-ноябрда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети менен Адам укуктары боюнча кеңеш “Кыргызстанда адам укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндө мамлекет менен жарандык коомдун өз ара байланышы” деген темада форум өткөрөт. Ага ЖКнын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар жана башкалар катышып, адам укуктары боюнча талкуу болот.   

Айта кетсек, Адам укуктары боюнча кеңештин консультациялык органы 2005-жылы түзүлгөн. Максаты - Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин колдоо, өнүктүрүү жана коргоо жаатында мамлекеттик бийлик органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандардын өз ара байланышын камсыз кылуу жана кызматташуусуна көмөктөшүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан