АКШнын Кентукки штатында болгон торнадодо каза болгондордун саны 74кө жетти, дагы 109 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу аталган штаттын губернатору Энди Беширге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда 109 адамдын тагдыры тууралуу эч нерсе белгисиз бойдон калууда.
Торнадо жана бороон-чапкындар Американын бир катар штаттарын, анын ичинде Иллинойс, Миссури, Арканзас, Кентукки жана Теннесси штаттарын каптаган.