12-ноябрда акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №10-түзөтүү колониясына мониторинг жүргүзүштү. Муну 18-ноябрда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар мунапыс жарыялоону өтүнүштү. Ошондой эле 2013-жылдын 15-июлунан баштап жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын паспорт алышына уруксат берилбей калганын айтып арызданышты.
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Алима Аманова мониторинг жүргүзүү учурунда ЖАМКнын Жалал-Абад шаарындагы №10-түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткандар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 15 жаранга юридикалык кеңеш берилип, 12 адам акыйкатчынын атына арыз жолдогону айтылды.
Арыздар боюнча териштирүүлөр жүрүп жатат.