Супер фактылар: Кытай электр энергиясын керектөө боюнча дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат

Адамзат кайра таш дооруна кайтып, электр энергиясыз жашай албайт. Акыркы жылдары бардык өнүккөн өлкөлөр кайсы бир даражада экологиялык жактан таза энергия булактарын керектөөгө багыт алышты. Энергия тууралуу ар кандай кызыктуу фактылардын топтомун сунуштайбыз.

- Дүйнөдөгү негизги энергия булагы дагы деле көмүр болуп саналат. Ал тургай Америка Кошмо Штаттарынында керектелген бардык электр энергиясынын үчтөн бирин көмүр иштеп чыгат.

- Экологиялык жактан эң таза бул атомдук энергия. Андан кийин шамал станциялары жана ГЭСтер турат.

- Чагылганды кармап, аны колдонуу долбоорлору бар, бирок мынчалык көлөмдөгү энергияны көз ирмемде сактай ала турган батарейкалар азырынча жок.

- Күн энергиясы "эң таза" энергия булагы эмес, анткени күн панелдери зыяндуу өндүрүштү талап кылат. Ал эми панелдердин өзүнө нефтини кайра иштетүүчү продукция кирет.

- Биринчи жолу "энергия" деген сөздү философ Аристотель өзүнүн "Физика" аттуу трактатында айткан, бирок ал жерде адамдын иш-аракетин билдирген.

- 1958-жылы Кошмо Штаттар орбитага "Авангард 1" спутнигин чыгарган, бул дүйнөдө күндүн энергиясы менен иштеген биринчи спутник. Ал дагы эле космосто жана окумуштуулардын айтымында, ал жерде миңдеген жылдар болбосо да, жүздөгөн жылдар бою сакталат.

- Америка Кошмо Штаттарында керектелген бардык электр энергиясынын болжол менен 20 пайызы кондиционерлер тарабынан керектелет.

- Күн энергиясы адамзаттын бардык муктаждыктарын жабууга жетиштүү болмок.

- Кытай электр энергиясын керектөө боюнча дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат.

- "Энергия" деген сөз биздин кадимки мааниде 19-кылымдын башында гана колдонула баштаган жана күнүмдүк жашоого Томас Юнг тарабынан киргизилген. Буга чейин, негизинен, "тирүү күч" дегенди билдирген "vis viva" латын термини колдонулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан